Сугат үчүн жамгырлаткыч жабдуу

  • Маалымат
  • Описание
Область: Бишкек
Адрес: -
Параметры: 2 дөңгөлөктүү шассидеги барабан түрүндөгү жабдуу
Баасы: -

«Айыл Банк» ААК айыл чарба жерлерин натыйжалуу сугаруу үчүн арналган барабан түрүндөгү жамгырлаткыч жабдууну сатууга сунуштайт.

Бул жабдуу картошка жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууга ылайыктуу болуп, сууну бир калыпта бөлүштүрүүнү камсыз кылат жана бир сезон ичинде 10 гектарга чейинки аянтты камтыйт.

Негизги мүнөздөмөлөрү:

2 дөңгөлөктүү шассидеги барабан түрүндөгү жабдуу

Шлангдын диаметри: 90 мм

Шлангдын узундугу: 300 м

Натыйжалуу сугаруу узундугу: 320 м чейин

Бир өтүүдөгү сугаруу аянты: 3 га чейин

Бир өтүүнүн убактысы: 3,5 – 12,5 саат

Жумушчу басым: 6–10 Бар

Трактордун талап кылынган кубаттуулугу: 50 а.к. жогору

Салмагы: 2250 кг

Шарттар:

Сатуу төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт:

бир жолку төлөм менен

же бөлүп төлөө (Банк менен макулдашуу аркылуу)

← Тизме боюнча артка