ABank киберкоопсуздук боюнча мелдеште банктардын арасында биринчиликти алды

23.07.2026

ABank киберкоопсуздук боюнча мелдеште банктардын арасында биринчиликти алды

«ABank» ААКнын командасы каржы секторунун киберкоопсуздук маселелерине арналган Cyber Finance – 2026 форумунун алкагында өткөн Cyber Finance CTF (Capture the Flag) мелдешинин жеңүүчүсү болду.

Форум 2026-жылдын 21-июлунда өтүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси, «Лаборатория Касперского» компаниясы жана «ГринЛайт» ЖЧКсы тарабынан уюштурулду.

Иш-чара маалыматтык коопсуздук тармагындагы ири тармактык аянтчалардын бири болуп, банктардын, мамлекеттик органдардын, IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин жана студенттик коомчулуктун 130дан ашык өкүлүн бириктирди.

Мелдештин алкагында катышуучулар Capture the Flag форматында практикалык тапшырмаларды аткарышты. Командалар санариптик инфраструктураны коргоонун реалдуу сценарийлерин моделдөө менен киберчабуулдарды аныктап, алардын мизин кайтарышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду ABank командасы ээледи. Экинчи орунду «Компаньон Банкынын» командасы, үчүнчү орунду И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттик командасы алды.

Мелдештин жеңүүчүлөрү кубоктор, сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар заманбап киберкоркунучтарды, санариптик инфраструктураны коргоону, квалификациялуу адистерди даярдоону жана маалыматтык коопсуздук тармагындагы жаңы ыкмаларды киргизүүнү талкуулашты. Мамлекеттин, каржы секторунун, бизнестин жана билим берүү уюмдарынын өз ара кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулду.

ABank командасынын жеңиши Банк кызматкерлеринин жогорку кесиптик даярдыгын жана киберкоопсуздук тармагындагы компетенттүүлүгүн тастыктайт.

ABank маалыматтык коопсуздук багытындагы экспертизасын ырааттуу өнүктүрүп, санариптик сервистерди коргоо системаларын өркүндөтүүнү жана кардарлардын маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоону улантат.

← Тизме боюнча артка