АБанктын Кара-Суу шаарындагы сактык кассасы 1- июлдан баштап өз ишин токтотот
«АБанк» ААКсы кардарларына Ош обласынын, Кара-Суу районунун, Кара-Суу шаарынын, Борбордук базары (Автовокзал) дарегинде жайгашкан №048-25-41 сактык кассасы 2026-жылдын 1-июлунан тартып өз ишин токтотоорун расмий түрдө маалымдайт. Бул чечим филиалдык тармакты оптимизациялоого жана банк ресурстарын натыйжалуу башкарууга багытталган.
Сактык кассасынын иши токтотулганы менен, кардарлар үчүн банк кызматтарына жеткиликтүүлүк толук бойдон сакталат. Бардык операцияларды АБанктын башка бөлүмдөрүнөн, ошондой эле банктык мобилдик тиркеме жана онлайн-банкинг аркылуу жүргүзүүгө болот.
АБанк кардарларына ыңгайлуу, коопсуз жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү мындан ары да улантат.
АБанк — сизге жакын.