Эми карыздын жана өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдүн бар-жогун онлайн текшерүүгө болот
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы тарабынан онлайн-портал ишке киргизилди. Анын жардамы менен өз статусуңузду болгону 3 жөнөкөй кадам менен биле аласыз:
1️⃣ QR-кодду сканерлеңиз
2️⃣ ИНН номериңизди киргизиңиз
3️⃣ Актуалдуу статусуңуз тууралу маалымат алыңыз
⚠️ Сак болуңуз: алдамчылык учурлары көбөйүүдө
Расмий порталды гана пайдаланыңыз:
portal.sot.kg/debtors
Маалыматтарыңызды башка сайттарга жана шектүү ресурстарга киргизбеңиз.
Видеодогу QR-кодду сканерлеп, өзүңүзгө ыңгайлуу убакта статусуңузду текшериңиз