АБанкка — 30 жыл!
Бул — өнүгүүнүн, маанилүү чечимдердин жана кардарларыбыз, өнөктөштөрүбүз, ошондой эле командабыз менен бирге басып өткөн чоң жолдун жылдары.
Бизге ишеним артып, бизди тандап, алдыга карай бирге кадам таштап келе жаткан ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдооңуздар бизге күч берип, Кыргызстан боюнча адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга шыктандырат.
Бүгүн 2026 жылдын 2-июлунда биздин филиалдарда майрамдык дасторкондор жайылып, таттуу даамдар коюлат. Конокко келип, даам сызып, юбилейлик кубанычыбызды биз менен бөлүшүңүздөр — ар бириңиздерди кубаныч менен тосуп алабыз!
Сиздерди төмөнкү филиалдарыбызда күтөбүз:
Кант · Балыкчы · Баткен · Кадамжай · Түп · Чоң-Алай · Кара-Балта · Кара-Кулжа · АБЦ · Талас · Кара-Буура · Нарын · Токтогул · Кара-Көл · Кочкор · Лейлек · Ош-Датка · Ош филиалы · Жети-Өгүз · Ноокен · Гүлчө филиалы · Өзгөн филиалы · Араван · Кайыңды · Сокулук · Бишкек-Мээрим