ABankтын жетекчилери Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды
Бишкек, 2026-жыл — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен «ABank» ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы О.К. Чомоков жана Банктын Башкармасынын төрагасынын орун басары Ж.Ж. Норузбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үчүн сыйланышты.
Бул сыйлык ошондой эле ABankтын өлкөнүн финансылык системасындагы маанилүү ордун жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымын дагы бир жолу тастыктады.
Бүгүнкү күндө ABank өлкөдөгү алдыңкы финансылык институттардын бири болуп саналат. Банк санариптик технологияларды ырааттуу өнүктүрүп, калкка жана бизнеске заманбап, жеткиликтүү жана ыңгайлуу финансылык кызматтарды сунуштап келет. Акыркы үч жыл ичинде ABank туруктуу өсүштү камсыздап, негизги финансылык көрсөткүчтөр боюнча лидерлик позицияларын бекемдөөдө.
Тактап айтканда, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча акционерлердин чечими менен банктын уставдык капиталы 60 млрд сомго көбөйтүлүп, анын жалпы көлөмү 79 млрд 767 млн 480 миң сомго жетти. Бул көрсөткүч банктын жогорку финансылык туруктуулугун жана өлкө экономикасын колдоого багытталган стратегиялык өнүгүү багытын айгинелейт.
ABank мындан ары да инновациялык чечимдерди ишке ашырып, кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу багытындагы иштерин улантат.

