АБанктын Александровка айылындагы сактык кассасы 15-майдан баштап өз ишин токтотот

11.05.2026

АБанктын Александровка айылындагы сактык кассасы 15-майдан баштап өз ишин токтотот

«АБанк» ААКсы кардарларына Чүй облусу, Александровка айылы, Фрунзе 142а дарегинде жайгашкан №048-04-02 сактык кассасы 2026-жылдын 15-майынан тартып өз ишин токтотоорун расмий түрдө маалымдайт. Бул чечим филиалдык тармакты оптимизациялоого жана банк ресурстарын натыйжалуу башкарууга багытталган.

Сактык кассасынын иши токтотулганы менен, кардарлар үчүн банк кызматтарына жеткиликтүүлүк толук бойдон сакталат. Бардык операцияларды АБанктын башка бөлүмдөрүнөн, ошондой эле банктык мобилдик тиркеме жана онлайн-банкинг аркылуу жүргүзүүгө болот.

АБанк кардарларына ыңгайлуу, коопсуз жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү мындан ары да улантат.

АБанк — сизге жакын.

← Тизме боюнча артка