Айдоо фест 2026 

24.04.2026

Айдоо фест 2026 

Жылдын негизги айыл чарба иш-чарасына өлкө боюнча 15 000ден ашык конок катышты. Бул эки күн дыйкандарды, механизаторлорду, адистерди жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошкондордун баарын чогултту. Кесипкөйлөр менен катар шаар тургундары да фестивалга активдүү катышып, командаларга жан тартып, жалпы атмосферанын бир бөлүгү болушту.

Иш-чаранын негизги өзөгү болгон айдоо чемпионатында быйыл Талас облусу ишенимдүү жеңишке жетти. Ошондой эле кой кыркуу жана механизаторлордун чеберчилиги боюнча сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Фестиваль өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен ишке ашты: башкы өнөктөш — "Автомаш Радиатор" ЖЧК, ал эми расмий өнөктөш — СТСК «Агромаш Холдинг Тех Сервис».

Эки күндүн ичинде биз жүздөгөн белектерди тараттык — булар ар бир адамга жагымдуу эмоция гана тартуулабастан, ошол күндөрдү эстеткен буюм катары да калды.

Айдоо Фест 2026 жөн гана иш-чара болбостон, адамдарды бириктирген, жандуу эмоцияларды, жаңы тажрыйбаларды жана күчтүү энергияны тартуулаган өзгөчө окуя болду 

Биз менен бирге болгон ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз. Кийинки иш-чараларда көрүшкөнчө! 

← Тизме боюнча артка