«Түндүк» платформасында сервистердин убактылуу жеткиликсиздиги

22.04.2026

ОАО «АБанк» кардарларды мамлекеттик «Түндүк» платформасында жүргүзүлүп жаткан пландуу техникалык иштерге байланыштуу айрым сервистер убактылуу жеткиликсиз боло тургандыгы тууралуу маалымдайт.

Оператордун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 17–18-апрели аралыгында төмөнкү чектөөлөр болот:
— 17-апрель саат 20:00дөн тартып — төлөмдүү кызматтар өчүрүлөт;
— 17-апрель саат 22:00дөн тартып — мобилдик тиркемеде жана мамлекеттик электрондук кызматтар порталында бардык сервистер жеткиликсиз болот.

Бул мезгилде мамлекеттик кызматтарды алуу жана санарип документтерди колдонууга байланыштуу операциялар убактылуу жеткиликсиз болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда документтерди көрсөтүү функциясы (паспорт, айдоочулук күбөлүк жана башка) кадимки режимде иштейт, бирок алардын көчүрмөлөрүн берүү убактылуу чектелет.

Бардык сервистердин иши 2026-жылдын 18-апрели саат 12:00дө калыбына келтирилет деп күтүлүүдө.

Кардарларга бардык керектүү операцияларды алдын ала бүтүрүп алууну сунуштайбыз.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

← Тизме боюнча артка