АБанк сайтында банк карталарын курьер аркылуу жеткирүү кызматы ишке кирди

24.03.2026

АБанк сайтында банк карталарын курьер аркылуу жеткирүү кызматы ишке кирди

«АБанк» ААК кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү жана санариптик сервистерди өнүктүрүүнү улантууда.

Эми банктын расмий сайтында банк карталарын курьер аркылуу жеткирүү кызматы жеткиликтүү. Кардарлар бөлүмгө барбай эле, онлайн арыз калтырып, картаны көрсөтүлгөн дарекке жеткиртип ала алышат.

Картаны төмөнкү шилтеме аркылуу тариздөөгө болот:
https://abank.kg/cards

Кызматтын алкагында төмөнкү карталар жеткиликтүү:
— Элкарт
— Visa Gold

Азыркы учурда жеткирүү акысыз жана Бишкек шаарынын аймагында гана жеткиликтүү.

Бул жаңы кызмат кардарлар үчүн банк продуктуларын алууну жеңилдетүүгө жана убакытты үнөмдөөгө багытталган.

← Тизме боюнча артка