АБанк жана Global Green Growth Institute (GGGI) Кыргызстанда туруктуу жана жашыл каржылоону өнүктүрүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

16.03.2026

АБанк жана Global Green Growth Institute (GGGI) Кыргызстанда туруктуу жана жашыл каржылоону өнүктүрүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

 Документке АБанктын Башкармасынын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев жана GGGIнин Кыргызстандагы өлкөлүк программасынын менеджери Хе Рёнг Со кол коюшту.

 Кызматташтык эл аралык жашыл каржылоо стандарттарын киргизүүгө, экологиялык жактан туруктуу долбоорлорду колдоого жана өлкө экономикасын өнүктүрүүгө багытталган.

 GGGI Борбордук Азиядагы климаттык каржылоону өнүктүрүү боюнча аймактык демилгенин алкагында АБанктын жашыл каржылоо саясатын иштеп чыгууга эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтөт.

 Бул кадам АБанктын Кыргызстанда туруктуу өнүгүүнү колдогон негизги каржы институттарынын бири катары ролун дагы да бекемдейт.

АБанк — сизге жакын.

← Тизме боюнча артка