|
Максаттуу топтор |
Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын эт кластеринин субъектилери. Тандап алуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Агроөнөржай комплексинин кластердик өнүктүрүү кеңеши тарабынан жүргүзүлөт. Катышуучулар сегменти: 1) «Өндүрүш» – малды өнөр жайлык бордоо менен иштеген дыйкан (фермердик) чарбалар, айыл чарба кооперативдери, жеке ишкерлер; 2) «Этти баштапкы кайра иштетүү» - этти алгачкы иштетүү менен алектенген эт комбинаттары, мал союучу жайлар (малды союу, эт өндүрүмүн таӊгактоо, маркалоо, тоңдуруу жана сактоо); 3) «Сатуу» – эт азыктарын ички айыл чарба азык-түлүк рынокторуна сатып өткөргөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар; 4) «Импорт» – «өндүрүш» сегментинин субъектилерине өнөр жайлык мал бордоону уюштуруу үчүн мал сунуштаган импортчулар. |
|
Кредиттин багыты |
Эт багытындагы бодо мал, тоют, ветеринардык дары-дармек, кайра иштетүү жабдууларын сатып алуу, ошондой эле эт азыктарын сатып алуу жана кайра сатуу, бордоо максатында малды импорттоо үчүн |
|
Валютасы |
Кыргыз сому |
|
Суммасы |
Ар бир кластердик бирикме үчүн 150,0 миллион сом, анын ичинен: - «өндүрүш» сегменти үчүн кеминде 40,0% же 60,0 миллион сом; - «импорт» сегменти үчүн кеминде 38,0% же 57,0 миллион сом; - «сатуу» сегменти үчүн кеминде 15,0% же 22,5 миллион сом; - «этти баштапкы кайра иштетүү» сегменти үчүн кеминде 7,0% же 10,5 миллион сом бөлүнөт. |
|
Пайыздык чен |
жылдык 3% |
|
Кредиттин мөөнөтү |
60 ай |
|
Кредиттин төлөө графиги |
Бизнестин акчалай агымына жараша |
|
Кредиттин камсыздоосу |
500 миӊ сомго чейин күрөөсүз; андан ашса - күрөө талап кылынат. Эгерде күрөө жетишсиз болсо «Кепилдик фонду» ААКсы тарабынан кепилдик берилиши мүмкүн. |
|
Жеңилдик каралган мезгил |
|
|
Чектөөлөр |
Мурда алынган кредиттерди кайра каржылоо үчүн колдонууга тыюу салынат. |
Натыйжалуу пайыздык чен жылдык 3,04% тартып
Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу
Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз
Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот