|
Максатту топ |
Долбоордун алкагында, 2026-жылдын каржылоо Кыргыз Республикасынын резиденти статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында каттоодон өткөн, төмөнкү тармактарда ишке ашырган жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга сунушталат: – тамеки заттарын эске албаганда, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана кайра иштеттүү; – тигүү жана текстиль өндүрүшү, бут кийим, булгары жана булгары буюмдарын тигүү; – жыгач жана кагаз буюмдарын кайра иштеттүү, басмакана иши; – химия заттарын өндүрүү жана кайра иштеттүү; – фармацевтика продукциясын өндүрүү; – резина жана пластмасс буюмдарын, башка металл эмес минерал заттарын өндүрүү жана кайра иштеттүү; – дар металл буюмдарын өндүрүү; – компьютерлерди, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү; – электр энергия жабдууларын өндүрүү; – курулуш материалдарын өндүрүү жана кайра иштеттүү; – өндүрүштүн башка түрлөрү, ошондой эле машиналарды жана жабдууларды ремонттоо жана орнотуу; – туризм жана аны коштоочу кызмат көрсөтүүлөр (коной үйлөр, этно- и экотуризм, транспорттук жана туристтик кызмат көрсөтүүлөр); – кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик; – мектепке чейинки жана мектеп билими берүүсүн кошо алганда, билим берүү тармагы; – кол өнөрччүлүк; – стартап-долбоорлор; – саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөөгө алуу; – экспортко ыкташкан ишкердик; – IT-сектор жана инновациялар (санарип кызмат көрсөтүү, финтех). |
|
Кредиттин максаты |
– жүктөө жана түшүрүү, таңгактоо үчүн шаймандарды (жабдууларды) кошо алганда, өндүрүш жабдууларын, өндүрүш багытындагы техника жана транспорттук каражаттарды сатып алуу; – жаңы, дээрлик иштебей турган долбоорлор үчүн жер тилкелерин жана объекттерди эске албаганда, иштеп турган өндүрүгш кубаттуулугун арттыруу үчүн гана өндүрүштүк кыймылсыз мүлктү сатып алуу |
|
Валютасы |
Сом |
|
Суммасы |
Каржылоо максатына жана Карыз алуучунун категориясына жараша - 50,0 млн сомго чейин. Иштеп турган ишкердик менен алектенген Кыргыз Республикасынын тигүү тармагынын субъекттери үчүн - 100,0 млн.сомго чейин. |
|
Пайыздык чен |
Тигүүчү тармагынын субъекттери үчүн жылдык 0%; Башка бардык ишканалар үчүн жылдык 6%. |
|
Кредиттөө мөөнөтү |
Каржылоо максаттарына жараша - 60 айга чейин |
|
Кредитти төлөө графиги |
Ай сайын аннуитеттик же бирдей бөлүктөр менен төлөө |
|
Кредитти камсыздоо |
Банктын күрөө саясатына ылайык. |
|
Жеңилдик каралган мезгил аралыгы |
негизги сумма боюнча 6 айга чейин; |
|
Чектөөлөр |
Кредиттөө керектөө максттарына, ипотекага жана валюта-алмашуу операцияларына, финансылык, камсыздандыруу, инвестициялык лкүрөөкана, оюндарды өткөрүү, виортуалдуу активдер менен операциялар, жер тилкелерин сатып алуу, кайра каржылоо (долбоор камтыган учурларды эске албаганда), алкогол ичимдиктери жана тамеки заттары менен соода кылуу, тыюу салынган продукцияны өндүрүү жана сатуу, ошондой эле айкын экономикалык ишкердиги орун албаган, мыйзамдар тарабынан тыюу салынган багыттарды жана мурда айыл-чарбачсы багытындагы мамлекеттик программалар аркылуу жеңилдетилген кредиттерди алгандарга сунушталбайт. |
натыйжалуу пайыздык чен жылдык 6,16% тартып
Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу
Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз
Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот