Билими
2011-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Экономика» бөлүмүн аяктаган.
2012-жылы Ош технологиялык университетин «Колдонмо математика жана информатика» бөлүмүн аяктаган, квалификациясы — системалык программист жана математик.
Кесиптик тажрыйбасы
2026-жылдан баштап азыркы убакытка чейин — «АБанк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары.
2021-жылдын декабрынан азыркы убакытка чейин — «КИКБ» ЖАКта маалыматтык коопсуздук башкармалыгынын начальниги.
2021-жылы «Керемет Банк» ААКта IT-аудитор кызматын аркалаган.
2015–2021-жылдары «Оптима Банк» ААКта иштеп, IT-аудит боюнча адистен баштап маалыматтык коопсуздук башкармалыгынын начальнигине чейин жеткен.
Буга чейин «ANSAR Accountants» ЖЧКсында, «KPMG» ЖЧКсында жана башка уюмдарда маалыматтык технологиялар, финансылык көзөмөл тармагында адис жана аудитор болуп иштеген.
Түркиядагы "Ziraat Bankası" эл аралык банкында стажировкадан өткөн.
Кошумча билим жана сертификаттар
Маалыматтык коопсуздук, аудит жана риск-менеджмент тармагында кесиптик сертификаттарга жана даярдыктарга ээ, анын ичинде:
● Сертификацияланган практик бухгалтер (CIPAEN)
● Киберкоопсуздукту башкаруу боюнча курстар (Дүйнөлүк банк)
● Маалыматтык коопсуздук боюнча сертификация (CISSP, ISO 27001)
● Финансылык уюмдарда риск-менеджмент боюнча окутуу
● ACCA программасы (F1–F3)